Нурайым Акылбекова - Издедим текст песни

[Нурайым Акылбекова - Издедим текст песни]

Түбөлүк жансаңчы шам болуп жаныма сен
Таксам дейм ак нике шакегин колуңа
Тандасаң сен мени турмуштук жолуңа сен
Элестеп өзүңсүз өмүрдүн кемесин
Эзилет жүрөгүм кайгынын желесинде
Умтулам убакыт капкандай желесин
Узарып үмүтүм күтүүнүн белесинде

Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин

Кызарып күн батса кыялым сени издеп
Кусанын жолунда жүрөмүн үзбөй күдөр
Кыйналып турса да жүрөгүм сени издеп
Кылымдай сезилди өзүңсүз ушул күндөр
Ийилип турса да үмүттүн дарагы
Ишенип келемин өзүңдү табарыма
Кубалар көңүлдөн түбү жок санааны
Көрүшкөн күндү мен күтөмүн ар дайыма

Издедим, мен сени
Изи менен сезимдердин
Издедим, мен сени
Сездиң бекен жүрөгүмдүн эзилгенин

Интерпретация для


Добавить интерпретацию

Добавить расширенную интерпретацию

Если вы знаете, о чем поет исполнитель, умеете читать «между строк» и знаете историю песни, вы можете добавить интерпретацию текста. После проверки нашими редакторами мы добавим ее как официальную интерпретацию песни!

Последние добавленные интерпретации к текстам песен

Интерпретировать